Ала-Буканын тургуну өз атасын өлтүрдү. Шектүү эмне үчүн мындай кадамга барган?

Киши колдуу болгон Ала-Буканын тургунун жакындары өз ажалы менен өлдү деп жерге берген. Бул тууралуу “Калыс Медиага” Жалал-Абад ОИИБнин маалымат кызматынын жетекчиси Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Окуя 4-октябрь күнү саат 22лер чамасында Ала-Бука районунун Достук айылында болгон. 1969-жылы туулган Т.Садыкжанды 19 жаштагы уулу Рашидбек бычактап салган. Шектүү маркумдун көкүрөк тушуна үч жолу сайган.

Эртеси 5-октябрь күнү маркумду  “мас болуп, өз ажалы менен өлдү” деп айылдын “Жаамий” мазарына көпчүлүк менен бирге жерге беришкен.

Ала-Бука райондук милициясы  Т.Садыкжандын киши колдуу болгонун аныкташты. Бул факты боюнча “адам өлтүрүү” менен кылмыш иши козголуп, шектүү тергөө абагына киргизилди жана жасаган ишин толук мойнуна алган.

Шектүү сурак мезгилинде атасы спирт ичимдигин көп ичкендигин жана ошол күнү да мас болуп, үйүндө жаңжал чыгарганын айтып берген. Чыдабай кеткен уулу атасына биычак сайган.

Маркумдун артында төрт баласы калды.

Милиця болсо тергөө иштерин улантууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of