Бир райондун төрт айыл башчысына кылмыш иши козголду

0

Ош облусунун Кара-Суу районундагы төрт айыл өкмөт башчысына кылмыш иштери козголду.

Ош облустук прокуратурасынын изин суутпай иштөө жана тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Баймырза Маатов билдиргендей, кылмыш иштери негизинен кызмат абалынан пайдалануу, кызматтык жасалмачылык, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана алдамчылык фактылары боюнча козголгон.

Учурда аларга карата тергөө иштери жүрүп жатат.

Райондогу Папан жана Төлөйкөн айыл өкмөттөрүндө жарандарга жер берүүдө мыйзам бузулса, Сарай менен Нариман айыл өкмөттөрүндө суу чыгаруу, трансформатор орнотуу иштеринде мыйзам бузууларга жол берилген. Ошондой эле Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы жасалма диплом менен иштеп жүргөнү айкын болгон.

“Айыл өкмөтү менен каттоо кызматынын ортосундагы эч жерде иштебей, бирок алдамчылык кызмат көрсөткөндүгү боюнча адамдарга айыптары угузулуп, бөгөт коюу чаралары сот тарабынан тандалып, кылмыш иштер соттук кароого өткөрүлүп берилген.

Кылмыш иштери кызмат абалынан пайдалануу, кызматтык жасалмачылык, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана алдамчылык фактылары боюнча кылмыш иштери козголуп, айыптары угузулган”,-деди Маатов.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of