Диппаспорт алуучуларга кулак кагыш. Документтер калкты тейлөө борборунда кабыл алына баштады

Мындан ары кызматтык жана дипломаттык паспортторго документтерди кабыл алуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты тейлөө борборунда жүргүзүлөт.

Буга чейин жогоруда аталган паспортторго документтерди кабыл алуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинде жүргүзүлчү.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдиргендей, мамлекеттик кызматкерлер документтерин 8-октябрдан тартып 30-декабрга чейин Жаш Гвардия бульвары, №4 дареги боюнча жайгашкан Калкты тейлөө борбору – 3тө тариздете алышат.

Соңку убакта эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилер дипломатиялык паспортторду жеке кызыкчлык үчүн колдонуп келгени ашкере болгон.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of