Касымалиеванын көздөгөнү креслобу? Депутат үн катты

Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине барбайт. Ал түзүмдөгү мыйзамсыз жагдайларды кресло үчүн ашкерелеген эмес. Депутат бул боюнча Фейсбуктагы баракчасында билдирүү таратты. 

“Менин министрликке барайын деген ниетим жок. Бул кызматтын айланасында болуп жаткан көйгөйлөргө кызыктым. Социалдык өнүгүү министрлиги кимдир бирөө үчүн эксперименталдык сыноо  же базалык курсту жакшыртуу жана амбициясын ишке ашыруучу жай болбошу керек. Министрлик саясий куралдын курмандыгы болбостон,  аялуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн укугун коргошу зарыл”,-деди Касымалиева.

Депутат Эмгек жана жана социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги  жетекчилердин кызматтык сапарларындагы мыйзам бузуулар, сүйүнчү жана жөлөк пул чегерүүдөгү көйгөйлөр тууралуу айтып чыккан. Анын тапшырмасы менен дипломатиялык паспорттор боюнча прокурордук текшерүү жүрүп, министрликте чын эле мыйзам бузуулар бар экени аныкталды. Бул жааттагы маанилүү талкууда министрдин орун басары  Лунара Мамытова багытты жеке мамилелерге бурууга аракет жасады.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of