Кош болуңуз. Султан Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

0

Маданият маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты борбор калаанын Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук драма театрында өттү.

Ага өкмөт башчы президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев, Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт өкүлдөрү, маркумдун жакындары, кесиптештери, санаалаштары катышты.

Маркумду эскерүүгө келгендер Султан Жумагуловдун жаңычылдыгын, кесипкөйлүгүн, тактыгын, тазалыгын, коомдогу ыксыз көрүнүштөргө каршы пикирин билдирген мекенчил болгонун белгилешти.

Анын сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Султан Жумагулов белгилүү журналист, медиа серепчи катары белгилүү. Буга чейин бир катар жергиликтүү жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарын жетектеген. Көп жылдардан бери онкологиялык оору менен жабыркап, бир нече ирет операция да жасатканы белгилүү болгон. Ал 8-октябрга караган түнү ооруканада көз жумган.

Маркум бир жылга жакын убакыттан бери маданият, маалымат жана туризм министрлигин жетектеп турган.

Сүрөт: Эмилбек Чекиров

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of