Кыргызстан жок жерден Кытайга дагы $5 млн карыз болду

0

Кыргызстан Кытайдын “Эксим банкына” алган насыяны өздөштүрбөгөнү үчүн 5 миллионго жакын долларды үстөк пайызга кошуп комиссия үчүн ашыкча төлөдү.

Парламенттин тиешелүү комитетинин күн мурун болгон отурумунда Эсептөө палатасынын төрагасы Улук Марипов билдиргендей, бул каражат өздөштүрүлбөгөн үчүн комиссияга төлөнгөн.

Ал депутаттарга кайрылып “жебеген оокат үчүн” каражат төлөтүүгө жол бергендерге чара көрүүнү сунуштап, эгерде кол шилтеп койсо, бул сыяктуу мыйзам бузуулар кайталана берерин билдирди.

Ал кошумчалагандай, Кара-Балта шаарындагы таза суу долбоорун ишке ашырууда да жооптуу кызматкерлердин шалаакылыгынын айынан 50 миң евро казынадан кошумча төлөнүп берилген.

Эсептөө палатасы бул мыйзам бузууларга карата тышкы карыз боюнча тиешелүү министрликтин орун басарына чара көрүү боюнча өкмөткө жана башкы прокуратурага кайрылган.

Ушул тапта Кыргызстандын тышкы карызы 5 млрд долларды чапчыды. Алардын эң көбү Кытайдын, анын ичинде “Эксимбанктан” алынган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of