Ош облусунун аймагында жер титиреди

Бүгүн, 10-октябрь эрте мененки саат 07: 48де Кытай менен Кыргызстандын чектешкен аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титиреди.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун берген маалыматына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 4 баллга, Көк-Суу айылында 3,5 баллга жана Кара-Киндик айылында 2,5 баллга сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of