Сүйүнчү! Улан Эгизбаевдин жубайы көз жарды

0

Маркум журналист Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева бүгүн саат 15:30да уул төрөдү. Учурда эне-баланын абалы жакшы.

Үй-бүлөнүн өкүл энеси Гүлзада Турдукожоева “Калыс Медиага” билдиргендей, Сапаргүл Абдинабиева Бишкек шаарындагы №2 төрөтканада көз жарды.

Иликтөөчү журналист Улан Эгизбаев ушул жылдын 22-июлунда Ысык-Көлгө чөгүп, каза тапкан. Ал акыркы кездери коррупциялык иштер боюнча бир катар иликтөөлөрдү жүргүзгөн эле. Жакында эле президент Эгизбаевге  “Эрдик” медалын ыйгарып, сыйлыкты маркумдун ата-энесине тапшырды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of