Шашылыш билдирүү: үшүк жүрөт

11-12-октябрь күндөрү өлкөнүн түштүк чөлкөмүндөгү облустарда жана Ысык-Көл облусунун кээ бир аймактарында абанын температурасы -1ден -3 градуска чейин төмөндөп үшүк жүрүшү күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан шашылыш билдирүүгө ылайык, үшүк эң ириде жыйнала элек жашылча-жемиштер үчүн коркунучтуу.

Күн мурун Баткен облусунун бир катар айылдарына калыңдыгы 2 сантимерге жеткен кар жаап, бактагы алмалар кар алдында калган.

Аба ырайын божомолдоочулар октябрь айынын жарымы жылуу болоорун, андан кийин күн салкындарын эскертет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика