Жээнбеков мурдагы өкмөт башчылар менен жолугушат

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын өкмөт жана парламенттин мурдагы жетекчилери жана маданият, илим, билим ишмерлери менен жолугушат.

Бул тууралуу мамлекет башчысы Талас облусу жасаган сапары учурунда билдирди.

Президент эл арасында өлонүн өнүгүшүнө салым кошчу аттуу-баштуу инсандар көп экенин белгилеп, өкмөттү жана парламентти мурда жетектегендер менен ачык диалог куруп, алардын пикирин угуу ниети бар экен айтты.

Мамлекет башчынын белгилешинче, бул сыяктуу жолугушуулар коомдогу бардык прогрессивдүү күчтөрдүн, өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошом деген бардык активдүү адамдардын башын бириктирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Жээнбеков буга чейин өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери, бизнес коомчулук менен да баарлашкан болчу.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of