АРИСтин директорунун айынан айылдар таза суусуз калабы?

0
Отузадырлык келин суу ташып баратат/Марат Сайранбаев

АРИСтин аткаруучу директору Бекболот Айтиевдин айынан Кыргызстандын жүздөгөн айылдарына таза суу жеткирүү иши үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Эл аралык донорлор келишимге кол коюудан баш тартууда. Мындай билдирүүнү бүгүн, 11-октябрда депутат Каныбек Иманалиев парламентте жасады.

Эл өкүлүнүн айтымында, донорлор – Бүткүл дүйнөлүк банкы жана Ислам банкы АРИСтин жаңы жетекчиси Бекболот Айтиев менен иштешүүдөн баш тартып, келишимдерге кол койгон жок. Анткени түзүмдө коррупциялык схемалар аныктала баштаган.

“ Мындан сырткары суу чыгаруу жаатындагы 52 инженер адистер иш ташташты. АРИСтин көз карандысыз байкоочу кеңеши да нааразы болуп, маалымат жыйын курган. Дүйнөлүк банк болсо ушул жетекчилик кала берсе, долбоор токтойт, кийинкилери үзгүлтүккө учурайт деп жатат. Азыркы долбоор – 94 млн доллар, кийинки жылы келе турганы – 132 млн доллар, андан кийинкиси Ислам өнүктүрүү банкынан Нарын облусуна келе турган 20 млн доллар жана Баткен менен Таласка келе турган 50 млн доллар. Ушунун баары үзгүлтүккө учурайт. Бир адамдын кесипкөйсүздүгүнөн же шалаакылыгынан 14 млрд сомдук иш үзгүлтүккө учураганы турат”, – деди Иманалиев.

Депутаттын азырынча Бекболот Айтиевди кол коюу укугу жок экенин, бирок ал орун басарларына кысым кылуу менен документтерге кол койдурганын, үч жасалма кат бар экенин кошумчалады.

“Бул коррупциялык схемаларга негиз болот”, – деди эл өкүлү.

Иманалиев ушул суроону дагы үч депутат көтөргөнүн эске салып, маселе тез арада чечилбесе, жүздөгөн айылдар таза суусуз каларын айтты.

Бекболот Айтиев АРИСке аткаруучу директор болуп 4 ай мурун келген. Ага чейин Ноокат районунун акими болуп турган.

“Калыс Медианын” Айтиев менен байланышуу аракетинен азырынча жыйынтык чыккан жок. Анын позициясы боюнча кошумча маалымат берилет.

Акыйкатчынын акыркы докладына ылайык, Кыргызстанда миллиондон ашык адамга таза суу жете элек. “Таза суу” долбоору 90-жылдардын башында эле старт алган. 2011-жылы өкмөт суу менен камсыздоо багытын жөндөө ишин АРИСке өткөрүп берген. Андан бери донорлор дээрлик 70 млн доллар берип, 500дөн ашык айылга таза суу жеткирилген. А 2017-жылы өкмөт “Таза суунун” ордуна “Ала-Тоо булагын” ишке киргизди.  Бул долбоор боюнча 2025-жылга чейин 115 айылга таза суу жеткирилиши керек.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of