Атабыз бизди карап кубанып аткандыр. Күндүн сүрөтү

0

Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева кечээ көз жарган Сапаргүл Абдинабиевадан кабар алды.

Интернет колдонуучулар Улан Эгизбаевдин апасы менен жубайынын кубанычын тең бөлүшүп, жакшы каалоо-тилектерин арнап жатат.

Сапаргүл болсо Инстаграмда ак тилектер үчүн баарына ыраазылык билдирип, “атабыз да бизди карап кубанып аткандыр” деген билдирүүсүн калтырды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Кокжалдын тукуму аман-эсен жарык дуйного келди. Бизди Улансыз жашоого ыраа корбогон Кудайга шугур. Аны жашартып бергендей. Бул кабарды чыдамсыздык менен кутконунуздорду билем. Ак тилегиниздер учун баарыныздарга рахмат! Абалыбыз жакшы. Учообуздун акыркы бирге тушкон суротубуз. Ичтеги балага жомок айтып, «Мага АТА статусун берчу- баатырым» деген атабыз да бизди карап кубанып жаткандыр… Ишеничинди актайм. Башаты ушул болсун.

Публикация от Sapargul Abdinabieva (@sapargul_abdinabieva)

Маркум журналист Улан Эгизбаев менен Сапаргүл Абдинабиева бир жыл мурун 8-октябрда баш кошкон эле.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

08.10.2017. Ак көйнөк кийгем ушул күн, Жыл өтпөй өңүн өзгөрттү. Карадан жоолук салынтып, Бурганак кылды Дуйнөмдү…

Публикация от Sapargul Abdinabieva (@sapargul_abdinabieva)

Иликтөөчү журналист Улан Эгизбаев ушул жылдын 22-июлунда Ысык-Көлгө чөгүп, каза тапкан. Ал акыркы кездери коррупциялык иштер боюнча бир катар иликтөөлөрдү жүргүзгөн эле. Жакында эле президент Эгизбаевге  “Эрдик” медалын ыйгарып, сыйлыкты маркумдун ата-энесине тапшырды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of