Аялы көзүнө чөп салып жүргөнүн күйөөсү Google Maps`тан көрүп алды

0
Бир үй-бүлөнү бузган сүрөт

Перунун тургуну аялы башка менен жүргөнүн Google Maps аркылуу көрүп калып, ажырашууга арыз берди. Бул тууралуу The Mirror жазып чыкты.

Картадан жол издеп жаткан перулук үч өлчөмдүү панорамадан аялдын тизесине башын коюп жаткан эркекке капыстан көзү түшөт. Түгөйлөрдүн беттери автоматтык түрдө жабылганы менен, киши аялын кийиминен жазбай таанып калган.

Сүрөт тээ 2013-жылы жасалган экен. Күйөөсүнүн ишенимдүү далили болгон үчүн аялы айыбын мойнуна алды.

Интернет технологиялары өнүккөн сайын жашоо-турмушубузду бекитүү мүмкүн болбой жатат. Дубалдын да кулагы, Google`дун да көзү бар! Этият болуңуздар 🙂

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of