Эл аралык кыздар күнү белгиленет

Бүгүн, 11-октябрда Кыргызстандын бир катар аймактарында эл аралык кыздар күнү белгиленет.

Бул датага карата түрдүү иш-чаралар уюштурулат. Анын ичинде адам укуктары боюнча эссе жазууга сынак, окуучулар арасында видео сынак, кыздар үчүн тренингдер жана волейбол боюнча турнир өтөт.

Кыздар күнүн белгилөөнүн максаты – алар дуушар болгон проблемаларды чечүү зарылдыгына коомдун көңүлүн буруу жана алардын укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө түрткү берүү болуп саналат.

Эл аралык кыздар күнү БУУнун демилгеси менен 2012-жылдан бери белгиленип келет. Бул күн кыздардын укуктары, алардын кабылып жаткан маселелерин таануу максатында белгиленип келет.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of