Элчи менен ТИМдин тирешинин жыйынтыгы белгилүү болду

0

Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов менен Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) ортосундагы чырды текшерип, анын жыйынтыгын президенттин кароосуна  жиберди.

Иликтөөгө ылайык, ТИМ кадр тандоодо калпыстыктарды кетирсе, элчи Султанов мыйзамга каршы келген кадамдарды жасаган. Ошондой эле министрлик элчиликтеги мыйзам бузууларга убагында бейтарап реакция жасаган эмес.

Маалыматка ылайык, Султанов Малайзияда элчилик кылып турган убакта купуялуулук тартибин бузгандыгы, элчиликте практика өтөө үчүн баргандарды ТИМдин макулдугу жок алгандыгы жана элчилик кызматын аяктаган соң “аккредитациялык карточкасын” Малайзиянын Тышкы иштер министрлигине өткөрүп берген эмес.

Ошондой эле ал Түштүк Кореяда резиденцияда жашабай, узак убакыт мейманканага жайгашканы, министрлик менен макулдашпай, Малайзияга жеке иштери менен барганы белгилуү болгон.

Жогоруда саналган фактылар боюнча Султановго укуктуу баа берүү боюнча материалда башкы прокуратурага жиберилген.

Кылычбек Султан менен ТИМдин тирешүүсү Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденованын учактагы жаңжалынан кийин тутана баштаган. Эки тараптын тирешин көзөмөлгө алууну президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешине табыштаган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of