Эркекче айтты! Ньюсмейкер 5 депутат

0

Алар парламентте же башка жерде сүйлөсө, сөзсүз түрдө социалдык тармакта талкуу жаралат. Алар журналисттер үчүн гана эмес, ютуберлерге да табылгыс маалымат булагы. Адатта “Эркекче айтты!” деп аталып, эл өкүлдөрү күпүлдөп сүйлөп жаткан видеолорду миллиондогон колдонуучулар көрөт. “Калыс Медиа” жаңылык жаратып, социалдык тармакты жарган депутаттардын рейтингин түздү. Бул биздин бештик. А сиз кайсы эл өкүлүн ньюсмейкер деп эсептейсиз? Комментарийге калтырыңыз.

1.Рыскелди Момбеков 

Момбековдон көп кесиптештери “кебиңди үйдөн даярдап келесиңби?” деп сурашат экен. Жооп – андай эмес. Уйкаштырып, какшыктан, анан эмоциядан  бир аз кошуп туруп Рыскелди Момбеков төгө баштаганда баары кунт коюп угат.

2. Жанар Акаев

Негизи журналистикадан чыккан саясатчылар жаңылык жаратуунун чеберине айланат көрүнөт. Жанар Акаев кебин кесиптеши Момбековчо уйкаштырбаганы менен бийликти таамай сындайт.  Ушунусу менен ал жаш саясатчылардын ичинен суурулуп чыга алды. Балким, бул эл өкүлүнүн “эркин”макамына байланыштуу.

3. Ирина Карамушкина

Ирина айым орус тилинин таламын талаша баштаганда эле социалдык тармак бир жарылып алат. Калыстык үчүн айта кетели, Карамушкина башка курч маселелерди да көтөрүп келет.

4. Аида Касымалиева

Аида Касымалиева сабаттуу, так жана аргументтер менен сүйлөйт. Социалдык өнүгүү министрлиги, андагы “саякатчы” чиновниктер жана жөлөк пул маселеси Аида айымды ньюсмейкерлердин сап башына чыгара алды.

5. Кожобек Рыспаев

Жогорудагы төрт депутат көйгөйлөрдү сүйлөп чарчаттыбы? Эс алыңыз 🙂 Назарыңыздарда Кожобек Рыспаев! Бирок таланттуу депутаттын бап этирип же чымчый сүйлөгөн жайы да бар.

Башкы сүрөттөр Азаттык, Спутник сайттарынан алынды

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of