Исакунова кызматын тапшырды

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова ээлеген кызматынан бошотулду.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, министр  Таалайгүл Исакунова берген арызынын негизинде бошотулган.

Соңку убакта министрдин ысымы бир топ чуулгандуу окуяларда аталды. Ал чет мамлекеттерге болгон сапар учурунда дипломатиялык паспортторду жеке кызыкчылыгы үчүн колдонгону, премьер-министрдин уруксаты жок сапарга чыкканын башкы прокуратура тастыктаган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of