КМШ мамлекеттеринин мугалимдеринин съезди өтүүдө

0

Ушул тапта борбор калаада КМШга мүчө өлкөлөрдүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V сьезди өтүп жатат.

Иш-чарага бардыгы болуп 400 чамалуу адам катышууда.

Чогулгандар КМШ өлкөлөрүндөгү билим берүүнүн сапатын талкуулап, тажрыйба алмашат.

Иш-чаранын расмий ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков катышып, сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы глобалдуу атаандаштыкка билимдүү коом гана туруштук бере аларын белгиледи.

“Дүйнөдөгү эң асыл кесиптин ээлери болгон мугалимдердин съезди билим берүүнү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты деп тааныган Кыргызстанда өтүп жатканына биз кубанычтабыз.

Бүгүн дүйнөнүн көп өлкөлөрү билим берүүнүн заманбап моделдерин издеп жатат. Билим берүү жана илим системасын реформалап жатышат.
Биз да Кыргызстанда билим берүүнү реформалоонун жолдорун издеп жатабыз»
,-деди президент Жээнбеков.

Съезд ишин эрте, 12-октябрда жыйынтыктайт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of