Мигранттар сегиз айда дээрлик $1,8 млрд которушту

0

 Ушул жылдын сегиз айында чет жактагы мигранттар Кыргызстанга дээрлик 1 млрд 744 млн доллар которду. Бул өткөн жылдын  январь-августуна караганда 163 млн долларга көп деп билдиришти Улуттук банктан.

Акча которуулардын 90%ы Орусияга туура келет. Ал жактан 1 млрд 712,3 млн доллар жиберилген. Экинчи орунда АКШ -16,8 млн доллар.

Ошол эле маалда январь-августта Кыргызстандан  башка өлкөлөргө 336,2 млн доллар которушкан.

Кыргызстан экономикасы сырткы акча которууларга өтө көз каранды. Былтыр бул жаатта дүйнөдө экинчи орунда эле. Акча которуулардын ички дүң өндүрүмдөгү үлүшүн эске алганда Тажикстан биринчи болгон.

Сүрөт: Спутник

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of