Орусиялык эки футболчу камакка алынды

Мамаев жана Кокорин

Оруссиянын “Зенит” жана “Краснодар” клубдарынын оюнчулары Александр Кокорин менен Павел Мамаев 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.

Эки футболчу мындан 3 күн мурда Москвадагы кафелердин биринде Өндүрүш жана соода министрлигинин эки чиновнигин жана Биринчи каналдын айдоочусун сабаган. Кечээ алар милицияга келип көрсөтмө берип, күнөөлөрүн мойнуна алышкан.

“Краснодар” клубу Мамаев менен келишимин үзгөнү жатат. “Зенит” азырынча Кокорин боюнча позициясын ачык билдире элек.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of