Ош: октябрдын аягынан коомдук унаада электрондук билет ишке кирет

0

Ош шаарындагы муниципалдык коомдук транспорттордо акы төлөө эми электрондук билеттер аркылуу жүргүзүлөт.

Мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, коомдук транспорттордо электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган системаларды ишке киргизүү долбоору тааныштырылды.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Чехиянын “Микроэлектроника” компаниясы менен келишим түзүлгөн. Муниципалдык коомдук транспорттордо жүрүү эки тартипте: накталай акча төлөө жана жүрүүчү транспорттук картанын негизинде жүргүзүлөт. Карталар ардагерлер жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн, окуучулар үчүн жана жалпы жарандар үчүн өзүнчө болуп үч түргө бөлүнөт. Карта менен төлөгөндө жол акысы өзгөрбөйт. Ардагерлер акысыз жүрүшсө, окуучулар 1 сомдон ал эми калган жарандар троллейбуска 6 сом, автобуска 8 сомдон төлөшөт. Учурда шаардагы троллейбустарга жана автобустарга атайын аппараттар орнотулуп, системалар адистер тарабынан текшерилди»,-деди шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинин директору Мурзабек Дубанаев.

Долбоор октябрь айынын аягында ишке кирүусү күтүлүүдө.

Эскерте кетчү жагдай, транспорттук карталар Ош шаарынын муниципалдык автоунаа ишканасында сатылат. Картаны алуу учурунда жарандардын жанында паспорт жана ардагерлердин күбөлүгү болушу шарт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of