Оштун “Алай” командасы “Фергана Кубогун” жеңип алды

Турнирге Кыргызстандын “Баткен”, “Алай”, Өзбекстандын “Нефтчи” жана Тажикстандын “Худжанд” командалары катышты.

Төрт команда айлампа таризде бири-бири менен ойноп чыкты. “Алай” эки жолу утуп, бир жолу тең чыгып, 7 упай топтогон. Ушундай эле упайга “Нефтчи” жеткен, бирок голдордун айырмачылыгы менен Кыргызстан чемпиону турнирдин жеңүүчүсү болду.

Алайдын беттештери:
“Худжанд”(Тажикстан) 2-3 “Алай” (Кыргызстан)
“Нефтчи” (Өзбекстан) 0-0 “Алай” (Кыргызстан)
“Баткен” (Кыргызстан) 0-9 “Алай” (Кыргызстан)

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of