Талант Исаев мурдагы креслосуна кайра келди

Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын башчысы болуп Талант Исаев дайындалды.

Жетекчилик кызматка дайындоо тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Талант Исаев бул кызматка ушуну менен экинчи ирет дайындалышы. Адегенде 2014-жылдан 2017-жылга чейин жетектеген.

Өткөн жылы президенттик шайлоонун алдында бир тууган агасы Канат Исаев камакка алынган соң өз каалоосу менен кызматтан кеткен болчу. Жакында Канат Исаев акталып, кайрадан депутаттык ишин улантып жатат.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of