+31 сантиметр: Сабырбек Жумабековдун өзгөчө операциялары

60-100 бейтапка кеңеш берип, 8-10 адамга операция жасоо. Бул бир ай же бир аптада жасалчу иш эмес. Ортопед-дарыгер Сабырбек Жумабеков күн сайын ушунча оорулууну кабыл алат. Буга кошо илим менен алектенет, ар кандай медициналык журналдардын редакциялык жамаатынын мүчөсү жана буту-колду дарылоонун жаңы ыкмаларын ойлоп табат. Жакында эле академик Гиннестин рекорддор китебинин комиссиясынан жооп алды. Жумабековдун бутту узартуу боюнча ыкмасы чыныгы рекорд экенин тастыкташты.

Рекордго карай

Былтыр Кувейтте ойлоп табуучулардын эл аралык сынагы өттү. Бүт дүйнөдөн 2 миң илимий иш түшкөн, 36 мамлекеттен 180 киши чакырылган. 180 катышуучунун арасында Сабырбек Жумабеков да болду (баса, ал КМШ өлкөлөрүнөн жалгыз катышты). Табыштамага ал өзүнүн 86 табылгасын кошкон. Комиссия анын бешөөсүн тандап алган, академик ар бир эмгеги үчүн күмүш медаль алды.

– Көргөзмөгө биз бутту 31 сантиметрге  узартуу ыкмасын алып чыктык, – дейт академик. – Чынын айтсам,  бул кандайдыр бир рекорд экенин ойлогон эмесмин. Бирок баалоо комиссиясындагы эки ортопед Гиннестин рекорддор китебине эч ойлонбой табыштама жибергиле дешти. Алар арызды толтурууга жардам беришти. Апрелде комиссиядан жооп келди: биз рекорд койгонубузду, бизден башка эч ким мындай жасабаганын тастыкташты. Азыр сертификатты күтүүдөбүз, – дейт Сабырбек Артисбекович.

Бул ыкма биринчи кезекте – медициналык. Ал буттардын бири ар кандай себеп менен кыска болуп калганда колдонулат.

-Бирок аны бой узартуу үчүн да колдонушат, – дейт дарыгер. Бутту узартуу боюнча мен жасаган 500 операциядан 40тан ашык адам ушундай ыкма мене боюн узартты. Бир күлкүлүү окуя болгон. Баскетболист сүйгөнү үчүн бир жигит боюн узартууну чечкен. Ал операциядан калыбына келгенче сүйлөшкөн кызы башкага турмушка чыгып кетиптир. Бирок окуянын аягы бактылуу эле бүттү, жигит башка кызды жолуктуруп калды, – деп жылмаят дарыгер.

Ал белгилегендей, узартылган буттар бир топ эле бышык.

– Биз атайын технология жана материалдарды колдонобуз.  Биздин бейтаптар “чопо буттуу машакка” айланбай турганынан шек санабаңыздар.

Узартуу гана эмес

Сабырбек Жумабековдун жалпы жүздөй табылгага патенти бар. Алардын катарында – бузулган омурткалар үчүн конструкция, жамбаш булчуңдары тубаса туура эмес өрчүгүндө жамбашты фиксациялоо, көкүрөк клеткаларындагы мүчүлүштүктөрдү оңдоо.

– Кээде балдар көкүрөк клеткасы воронка сымал болгон деформация менен төрөлөт. Сөөк ылдыйлагандай болуп, жүрөктү кысат. Биз коңуз формасындагы атайын конструкция ойлоп таптык, ал көкүрөк клетканы көтөрүп, кармап турууга мүмкүндүк берет, – дейт дарыгер. Буттардын деформацияланашы менен көп адамдар жабыркайт. Биз сөөктү сындырып, оңдоп,  атайын металл констукрция менен катытабыз.

Жалпысынан академик Сабырбек Жумабековдун жетечилиги алдында травматология жана ортопедиялык Бишкек илимий-изилдөө борборунда 150 миңден ашык бейтапка операция жасалган.

-Алардын көбү эсимде, -дейт дарыгер. – Мисалы, Алай районунан келген Сталбек Бехтеровдун дарты менен жабыркачу. Чыканак менен тизеси бүгүлбөй калган. Аялы баласын алып, андан кетип калган экен. Ал 18 жыл бою майыптык арабада отуруптур. Кийин классташтары ага чыканак, тизе булчуңдарын сатып беришти. Биз аны коюп бердик. Жигит басып калды. Азыр такси айдап иштейт. Үйлөнгөн. Балалуу болду. Кыскасы, жашоосу калыбына түштү.

Бейтаптар

Сабырбек Жумабековдун көпчүлүк  бейтаптарынын тагдырына бүт Кыргызстан көз салып турат. Мисалы, Теңизбек Байызов дарыгерге жолукканга чейин жөрмөлөп гана же араба менен жыла алчу. Ал чанда кездешкен оору менен жабыркайт – эки бутунун тең тизе булчуңдары мертинип кеткен. Башкача айтканда, бут артка эмес, алдыга ийилип калган, бул үчүн жигитти Чегиртке деп коюшчу. Ал Кыргызстандын алыскы районунда жашайт.  Анан кимдир бирөө Жумабековго кайрыл деп кеңеш берген. Дарыгер табият катасын оңдоду. Баланын жана үй-бүлөсүнүн акчасы жок болгон үчүн академик өз каражатына керектүү материалдарды сатып алган.

-Тилекке каршы, ортопедия чоң каражатты талап кылат, анткени кымбат баалуу атайын конструкция жана материалдар дайым керек болот. Мындай бейтаптар үчүн бюджеттен каражат каралган эмес. Албетте, биз ар бирине жардам берүүгө аракет кылабыз. Мен фонд түздүм.  Менде көп адамдар менен байланыш болгон үчүн, өзүм демөөрчүлөрдү издейм, – дейт дарыгер.

Жакында эле дарыгер “республикалык маанидеги” дагы бир бейтапка жардам берди. Алты жаштагы Нуржигит Зарлыков тууралуу Кыргызстандагы бардык ММКлар жазышты. Ал жүлүн грыжасы менен төрөлгөн. Төрт айлыгында балага операция жасашкан, бирок ал кыймылдай алган эмес. Мамлекет ага ыңгайыз араба бөлүп бергени үчүн бала кадимки желим тепшинин ичине түшүп, колуна тапочка кийип алып ары-бери жылчу.

Сабырбек Артисбекович Нуржигитке операция жасады.

– Орусиядан атайын шина алдырдык. Биз Нуржигитти акырындык менен бутуна тургузабыз. Биз – бул ортопед-биомеханиктер. Таянуу чекитин табабыз, балага протез жана ортез (жабыркаган булчуң же буттун фукнцияларын оңдоп, катырып, кыймылга келтирүү үчүн сырткы аспап). Бала балдак менен баса алат, – деп түшүндүрдү Жумабеков.

-Төрөлгөндө эле бутумда мүчүлүштүк бар эле, – дейт 16 жаштагы Айдай. –Башында ал байкалбайт эле. 12 жашымда бир бутум экинчисинен арык болуп кетти. Апам экөөбуз барбаган дарыгер калбады, эч ким туура диагноз кое албады. Кийин Жумабековго баргыла дешти. Ал баарын дароо түшүнүп, операция жасады, эми буттарым жайында, – деп сүйүнөт өспүрүм.

Бир күндө баарына үлгүрүү

Академик Сабырбек Жумабековдун сыйлык, наам, илимий иш, монографиялары аябай көп. Албетте, ыраазы болгон бейтаптардын саны миңдеп саналат.

– Баарына кантип жетишем? Билбейм, “баарына үлгүрүш керек” деген максат деле койбойм. Жөн эле иштейм, – дейт дарыгер.

-Сабырбек Артисбекович эрте менен саат 7:30да келет, – дейт катчысы Айжана Абдулдаева. –  Анан акыркы бейтап менен чогуу кетет. Эрте менен ал кезек күткөн оорулууларды кабыл алат. Анан операцияларга кирет. Кийин жазылып келген бейтаптарды кабыл алат. Саат алтыдан кийин жазылууга үлгүрбөй калгандарды карайт. Кечки саат 10го чейин бейтаптарды кабыл алган күндөрү болот.

Рахмат, устатым

Азыр Сабырбек Жумабеков 52 жашта. Бул куракта илимдин доктору эмес, академик да болуу чанда кездешет.

– Мен эрте баштадым. Мен негизи эле баарын эрте жасадым, – деп күлөт дарыгер. – Курдаштарым өз алдынчалууктан ырахат алып, көңүл ачып жүрүшкөндө, мен үй-бүлө жана илим тууралуу кыялданчумун. Жыйынтыгында 20 жашымда үйлөндүм, а 30га киргенде докторлук диссертациямды жактадым. Баса, мен СССРде докторлукту жактай алган эң жаш адам болгом.

Жумабеков докторлугун Москвада коргоду, анын илимий жетекчиси  СССРдин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу, Крым медициналык институтунун травматологиялык ортопедия кафедрасынын башчысы Александр Блискунов болгон.

– Кыргыз мединститутун бүтүргөн соң, 1987-жылы Симферополдогу Крым медициналык университетине  – Блискуновго ординатурага тапшырдым. Ал атактуу ортопед жана ойлоп табуучу. Менин жетишкендиктеримдин баары анын эмгеги.  Албетте, биринчи кезекте ата-энем, геним, тарбия. Анан устатым Александр Блискунов.

Азыр Сабырбек Жумабеков өзү жаш окумуштууларды тарбиялап жатат. Ал илимдин кандидат жана докторлорунан отузду даярдады. Учурда академиктин жетекчилиги алдында 22 киши кандидаттык, төртөө докторлук диссертацияларын жазып жатышат.

-Блискунов өзү өлгөндөн кийин Крымдагы кафедраны Жумабеков жетектесин деген буйругун калтырып кетиптир. Бирок мен устатымдын акыркы керээзин аткарбадым. Кыргызстанда калдым. Бул жакта менин ата-энем бар. Анан өз мекениңде жашоо жакшыраак. Мындан сырткары мен эми бейтаптарымды таштап кете албайм. Азыр деле Түркия, Кытай, Канада, Казакстан, Орусияга жумушка чакырышат. Бирок мен кыргыз дарыгеримин жана менин жумуш ордум Кыргызстанда.

Материал “Мейкин Азия онлайн” сайтына жарыяланган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

2
Пикир калтыруу

avatar
1 Comment threads
1 Thread replies
0 Followers
 
Most reacted comment
Hottest comment thread
2 Comment authors
Калыс Медиа 4Айка Recent comment authors
  Subscribe  
newest oldest most voted
Notify of
Айка
Guest
Айка

1937-жылы дейт, туура эмес маалыматко… озу аран гана 52 жашта болсо…