Абдылдаев кызматынан кетти

0

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматынан кетти.

ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей, Абдылдаев кызматтан өз каалоосу менен кеткен.

Анын арызын президент Сооронбай Жээнбеков да кабыл алып, бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Абдылдаев тышкы иштер министрлигин алты жылдан бери жетектеп келген.

Акыркы убакта Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын тирешүүсү коомчулукка мурдагы социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Каденованын учактагы жаңжалынан кийин коомчулукка белгилүү болгон.

Күн мурун коопсуздук кеңеши элчи менен ТИМдин ортосундагы тирешүүсү иликтеп, корутундусу президенттин кароосуна жиберген болчу.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of