Абылгазиев Дүйшөмбүдө кесиптеши менен кыргыз-тажик чек арасын талкуулайт

0

Бүгүн, 12-октябрда Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбү шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жыйынга чогулат.

Ага Кыргызстандын аткаруу бийлигинин жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев барганын өкмөттөн билдиришти.

Саммит башталар алдында делегациялар президент Эмомали Рахмондун кабыл алуусунда болушат.

Иш-чаранын алкагында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, андан соң Кытайдын өкмөт башчысы Ли Кецян менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Жолугушууда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу да сүйлөшүү болору болжонууда.

Сүрөт: өкмөттүн маалымат кызматы

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of