Бир жарым жыл кара жумуш. Москва соту кыргызстандык таксистке өкүм чыгарды

Москва соту кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулуна чечим чыгарды. Ал сот залынан бошотулуп, 1 жыл 6 ай кара жумушка тартылат. Ошондой эле айлык маянасынын 15 пайызы кармалып, 3 жылга чейин автоунаа айдай албайт.

Чыңгыз Анарбек уулу жабырлануучулардан кечирим сурап, күнөөсүн мойнуна алып, өкүнүп жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 16-июнунда Мосвкада таксист болуп иштеген Чыңгыз Анарбек уулу тротуарга чыгып жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөн. Кырсыктан 8 адам жабыркаган, арасында Мексика жана украиналыктар болгон. Сурак учурунда ал 20 саат рулду жүргөнүн, коркуп кеткендигинен окуя болгон жерден качууга аракет кылганын айткан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика