Бишкекте сасык тумоого каршы акысыз эмдөө башталды. Тизмеде ким бар?

Бишкек шаарында тобокелдик тобунда турган адамдарды сасык тумоого каршы эмдөө башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Жалпы болуп борбор калаадагы медициналык мекемелерге вакцинанын 15 миң дозасы таратылды. Дары H1N1, H3N2 жана В тибиндеги  вирустарга каршы.

Доза аз болгон үчүн акысыз эмдөөдөн тобокелдик тобундагылар – медицина кызматкерлери, тез-тез ооруган балдар, өнөкөт дартты алып жүрүүчүлөр, интернат тарбиялануучулары жана кош бойлуулар өтөт. Ийнени сайдыруу үчүн шаардыктар каттоосуна карап үй-бүлөлүк медициналык борборлорго кайрылса болот.

Калган тургундар акы төлөп, эмдөөдөн өтө алат. Өткөн жылдары баа 600-700 сомдун тегерегинде болгон. Бирок акылуу эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн бир да жеке клиника Саламаттыктык сактоо министрлигинен уруксат ала элек.

Сүрөт: Спутник

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of