Чоң-Алайда 8 млн сомго жакын каражат кымырылган

0

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 7 млн 893 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу болгонун Эсеп палатасы аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Эсеп палатасы райондогу үч айыл өкмөттү, Чоң-Алай өнүктүрүү фондун, райондук администрацияны жана каржы министрлигин Чоң-Алай районундагы башкармалыгын текшерген.

Каржылык мыйзам бузуулар негизинен курулуш, оңдоо иштеринде ага кетчү акча каражатты көбөйтүп эсептөө, материалдарды негизсиз эсептен чыгарууда орун алган.

Бул материалдар тиешелүү органдарга жиберилген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of