Хэштег деген эмне? Ырчылар үчүн түшүндүрмө

Азыр элдин баары, айрыкча шоу-бизнестин өкүлдөрү социалдык тармактарга тынбай сүрөттөрүн чыгарып, постторду жарыялашат. Анан көпчүлүгү #хэштегдерди (торчо белгисине туташ жазылган сөз)  ой келди кое беришет. Бул туура эмес! Калыс Медиа атайын Кыргызстандын ырчы-чорчулары үчүн хэштег эмне экенин түшүндүрүп берет.

Хэштег (англис тилинен hash – торчо белгиси, tag – метка, белги) – социалдык тармактарда жана микроблогдордо колдонулуучу ачкыч сөз же сөздөр. Ал # белгиси менен башталат, кийинки сөзгө туташ жазылат.

Хэштег эмне үчүн керек? Билдирүүңүздү, постуңузду хэштег менен белгилеп, сиз “эн белги” саласыз жана башка колдонуучулар үчүн тематикалык, үндөш материалдарды издешин оңойлотосуз.

Хэштег жалпы соцтармакка Твиттерден тараган. Эгер аны туура колдонсоңуз, маалыматты ирээттеп аласыз, сиздин баракчаларга адам көбүрөк киришине шарт түзөсүз.

Хэштегдин кызматы:

  1. Ачкыч сөздөр аркылуу посттун, билдирүүнүн башкы маанисин баса белгилөө.
  2. Маалыматты темасына жараша топтоштуруу.
  3. Кызыктырган темаларда издөөнү тездетүү.

 Хэштег кантип коюлат?

# белгиси сиз белгилешиңиш керек болгон сөздүн алдына коюлат. Мисалы, #жаржар, #кайрымдуулукконцерт. Хэштег жазылганда көк болуп түсүн өзгөртөт жана шилтемеге айланат. Ал шилтемени бассаңыз ушундай хэштег менен жазылган сүрөт, маалыматтын баары чыгат.

Хэштегди кантип туура жазасыз?

-хэштегди латын тамгаларында да, кириллицада да жазса болот;

-эгер хэштег бир нече сөздөн турса, пробелди баспай, чогуу жазыңыз #баламбактым же ылдыйкы сызыкча менен ажыратытылат #балам_бактым.

Аз, бирок саз! Ой келди жерге эле хэштегдерди колдоно бербеңиз. Өтө узун да болбосун – ашып барса 1-15 символ.

Жеке өзүңүзгө тиешелүү 3-4 хэштегди дайыма колдонсоңуз болот. Анан жалпы агымдан калбаңыз, колдонуучулар көп талкуулап же бөлүшүп жаткан темага сиз да сүрөт киргизип же пост жазсаңыз, анда ошол теманын хэштегин сөзсүз колдонсоңуз болот.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика