Илбирс терисин жамынган “баатыр” табылды. Ал сүрөткө кантип түшүп калганын айтып берди

 Илбирс терисин жамынып, сүрөткө түшкөн киши табылды. Ал Ош шаарынын тургуну Алымбек Абдыкалыков болуп чыкты деп билдиришти Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинен.

Алымбек Абдыкалыковдун айтымында сүрөт 2014-жылы тартылган. Ал Москвага баратып, Алматыдагы досунун үйүнө конок болот. Бул үйдөгү илбирс терисин көрүп, сүрөткө түшөт да, соцтармактарга чыгарат.

“Жасаган ишине ал аябай өкүнүп, экинчи кайталанбайт деп инспекторлорго убада берди”, – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, илбирс терисин жамынган эркек кишинин сүрөтү боюнча Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине жакында эле билдирүү түшкөн.

Агенттиктен кошумчалашкандай, өлтүрүлгөн жапайы жандыктар, алардын терилери менен сүрөттөр интернетке чыгары менен текшерүү башталат. Былтыр марал, аркар, аюу, илбирс, тоо эчки сыяктуу жаныбарларга кол салынып, жапайы дүйнөгө келтирилген чыгым үчүн 2,5 млн сомдон ашык акча өндүрүлгөн.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of