Кылычбек Султан чет өлкөдөн баш паанек издейт

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан чет өлкөдөн саясий баш паанек сурап жатканын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жазып чыкты.

Элчи бул кадамын Кыргызстандын бийлиги анын дарегине коюп жаткан дооматтарга макул эместиги менен түшүндүргөн.

Кылычбек Султан менен Тышкы иштер министрлигинин чуусу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова Сеулда учакта жаңжал салды деген окуядан кийин башталган.

Президент элчи менен ТИМдин тирешүүсүн иликтөөнү коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган.

Кечээ, 11-октябрда коопсуздук кеңеши иликтеп чыгып, Кылычбек Султан Малайзияда элчи болуп турган улуттук кызыкчылыкка каршы келген аракеттерди жасап, мыйзам бузууларга жол берген деген тыянак чыгарган.

Ал ортодо Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кылычбек Султан Кыргызстандын Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулганын президенттик аппараттан билдирди.

Бүгүн болсо ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев өз каалоосу менен кызматтан кеткени кабарланды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика