Мамытованын арызын Абылгазиев кабыл алды

Лунара Мамытова

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытованы ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгоун өкмөттөн билдиришти.

Мамытова кызматтан кетүү тууралуу арызын өткөн аптада жазган болчу.

Буга чейин аталган министрликтин жетекчиси Таалайгүл Исакунова, орун басары Зууркан Каденова кызматынан бошотулган эле.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери премьер министрдин уруксаты жок чет өлкөгө чыккандыгы, диппаспортторду жеке кызыкчылыгы үчүн колдонгонун жүйө келтирип, текшерүүнү талап кылган болчу.

Башкы прокуратура аталган министрликтин башчылары тогуз айда эле 26 жолу сапарга чыкканын, диппаспортторду колдонууда одоно эреже бузганын аныктаган.

Лунара Мамытова өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of