Мигранттар өз айылдарындагы көйгөйлөрдү чечип жатат

0

Орусиядагы мигранттар үй-бүлөсүн гана бакпай, өз айылдарындагы социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүүдө. Бөтөн жерде кокус бирөө кырсыктаса, алар дарыланууга каражат чогулта калышат. Жүк-200дү мекенине жөнөтүүдө биринчилерден болуп жардам колун сунушат. Ушундай изги иштерди уюшкандыкта жасоо үчүн акыркы жылдары мигранттар  фонддорду түзүп жатышат.

Москвадагы “Кадамжай” бирикмеси ушул жылдын апрель айында түзүлгөн. Адатта жердештердин фонддору айыл өкмөтү же айылдардын деңгээлинде түзүлөт. Бирок кадамжайлыктар ресурстарын жана күчүн бириктирүүнү чечкен. Азыр “Кадамжайдын” курамында 45 айылдык фонд бар. А алардын ар биринде 50дөн 600гө чейин мүчөлөр катталган. Айылдаштар ай сайын чогултулуучу взнос өлчөмүн жана чогулган каражатты кайда сарптоону бирге чечишет.

Бирикменин төрагасы Исабек Тажибаевдин айтымында, алар айылдык фонддордун ишин жөндөп эле тим болбой, мигранттардын биримдигин бекемдөөгө аракеттенишет.

“Фонддор негизинен айылдарга спорттук аянтчаларды курууга жардам беришет. Жаш спортчуларды ар тараптан, анын ичинде материалдык жактан колдошот. Кайрымдуулук – башкы багыттардын бири. Катуу ооруп калгандарга, муктажрдарга көмөк көрсөтөбүз”, – дейт ал.

Исабек Тажибаев бирикмеге караган айылдык фонддор боюнча статистика чогултууга киришти. Мигранттардын жардамын жалпы эсептегенде, сумма миллиондорду чапчып жатат. Так сан жакында белгилүү болот.

Фонд мүчөлөрү спорттук иш чара учурунда

“Райондук деңгээлде бириккенибизге аз эле болду. Ошентсе да жыйынтыктар бар. Жаш спортчуларга 160 миң рубль, кайрымдуулукка 503 миң рубль бердик. Айылдык фонддор өз алдынча да иштерди жасашат”, – дейт Тажибаев.

Мигрант-жердештердин бирикмелери акча жыйноо үчүн эле түзүлгөн эмес. Алар чогулуп алып Кыргызстандагы жана чет жактагы көйгөй-кыйынчылыктарды талкуулашат, эс алышат, футбол ойношот. Кадамжай районунун командалары  «KG-лига» жана Кыргыз Конгрессинин турниринде байгелүү орундарга жетишти.

“Кадамжай” бирикмесинин курамында көп жылдык тажрыйбасы бар айылдык фонддор да бар. Мисалы, “Найман” уюму 2011-жылы түзүлгөн. Ал кезде жердештер биригип, көйгөй чечкен учурлар анча жайыла элек болчу. Башында наймандыктар жүк-200дү Кыргызстанга жиберүүгө көп жардам беришти. А азыр жумуш калыпка түшүп, милдеттер бөлүштүрүлгөн. Төрагалар, эсепчи, аксакалдар, жаштар жана спорт комитеттеринин башчылары шайланган.

“Мекенден алыста жашайбыз. Эч бирибизде кырсыктап калбайбыз деген кепилдик жок. Андыктан чогулуп, бири-бирибизге, мекенибизге жардам берели деп чечтик”, – дейт фонд өкүлү Осмоналы Уразметов.

“Найман” фонду айылдык бейитти оңдоого жардам берди, бала бакчанын айланасын тосуп, электр плитасын сатып беришкен. Ошондой эле мечит жана волейбол аянтчанын курулушуна чоң акча жөнөтүштү. Сумма 600 миң рублдан ашат.

Орусиядагы кыргызстандыктар айылдык фонддорду акыркы 4-5 жылдан бери активдүү түзө баштады. Мындай уюмдар жана алардын мүчөлөрү, чогулган акча тууралуу статистиканы эч ким жүргүзбөйт.

Расмий маалымат боюнча Орусияда 700 миң кыргызстандык иштейт. Өткөн жылы мигранттар мекенине 2,5 млрд доллар которгон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of