Президент жети өлкөнүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

Бүгүн, 12-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков бир нече өлкөнүн элчилеринен жана Евробиримдиктин Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнөн ишеним грамоталарын кабыл алды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, преизентке Корея, Катар, АКШ, Пакистан, Чили, Аргентина, Замбиянын элчилери ишеним грамоталарын тапшырды.

Мамлекет башчысы элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигинин башталышы менен куттуктап, алардын өлкөлөрдүн жакындашуусу жана эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсү үчүн бардык аракетин жумшаарына ишенимин билдирди.

«Биз эки тараптуу достук мамилелерди, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун, өзгөчө айыл чарба, туризм, өндүрүш, жаңы технологиялар жаатында кызматташууга олуттуу маани беребиз. Кыргызстан ар бир өлкө менен позитивдүү жана жемиштүү өнөктөштүккө даяр», — деди мамлекет башчысы.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of