Өспүрүмдөр абагы интернетке туташтырылып, компьютердик класс ачылат

0

Өспүрүмдөр жаткан абактагы кечки мектеп интернетке туташтырылып, заманбап компьютердик класс ачылат.

Вице премьер министр Алтынай Өмүрбекова №14 мекемесиндеги соттолгон аялдардын жана жашы жете электердин жашоо шарттары менен таанышуу учурунда билим берүү министрлигине ушундай тапшырма берди.

Аны менен катар өспүрүмдөр спорт менен машыгуусу үчүн дене тарбия залын оңдоо, спорттук жабдууларды алып берүүнү да табыштады.

Вице премьер министр өспүрүмдөрдү социалдык жашоого ыңгайлаштыруу керек керек экенин, антпесе  криминалдык чөйрөнүн таасиринен арыла албастыгын, бул эң ириде коомго терс таасирин тийгизерин белгиледи.

Жашы жете электердин жана аялдардын абагында учурда 33 адам бар. Алардын ичинен: соттолгондордон 15 жашы жете элек, убактылуу кармоочу жайда 12 жашы жете элек бала жана 6 аял бар.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of