Тешик дубал жана окуучуну жемелеген мугалим. Окуянын чоо-жайы

0

Дубалдын түшүп калган жылчыкчасынан мугалим окуучуну урушуп жаткан видео социалдык тармактарга бир нече күн мурда тараган. Калыс Медианы педагогдун балага жасаган мамилеси гана эмес, класстын оюлган дубалы да кызыктырды. 

Көрсө, дубалы араандай ачылып калган агартуу жайы Нарын шаарындагы №2 В.П. Чкалов атындагы мектеп-гимназиясы экен. Окутуу орус тилинде жүргүзүлөт.

Мектеп директорунун орун басары Рахат Осмонов Калыс Медиага билдиргендей,  башталгыч класстардын окуучулары окуган бул имарат 1954-жылы курулган. Жогорку класстардын корпусу 1991-жылы тикеленген. Мектеп авариялык абалда деген тыянак тиешелүү кызмат тарабынан эчак эле чыгарылган.

Видео тартылган бөлүк мектептин дубалы менен эшигинин ортосундагы ажырап калган салаа. Авариялык абалда турат деген тыянак чыгарылган. Ордуна жаңы имарат куруу үчүн анын долбоору даярдалып, келерки жылы башталганы турат. Бул мектептин абалынан баары кабардар”, -деди Рахат Осмонов.

Ал эми видеодо мугалим кагып-силкип жаткан баланын ата-энесинин мектепке эч кандай доосу жок.

“Жакында ата-энелер менен жыйналыш өтүп, баласына керектүү окуу куралдарын алып бербеген ата-эне күнөөсүн сезип, мугалимге дооматы жок экенин айтты”,-деп кошумчалады Осмонов.

Бийликтин убадасына ылайык, 2018-жылы бир да кооптуу окуу жайы калбашы керек эле. Бирок азыр Кыргызстанда кырктай мектеп авариялык абалда.

Сүрөт: Турмуш

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of