Бишкектик эне уулун сабагандар жазасыз калат деп кооптонууда

Сабалган өспүрүмдүн энеси жарыялаган сүрөт

Бишкек шаарында 8-класстын окуучусун өзүнөн чоң эки бала тишин сындырып, илебин айрыганча сабаган. Жабыркаган өспүрүмдүн баш мээси да катуу чайкалып, азыр ооруканада.

Сабалган баланын апасы Канышай Дүйшөмбекованын айтымында, окуя 12-октябрда түшкө маал болгон. №47 мектептин 9-классынын эки окуучусу 8-класстагы анын улуунан акча талап кылышат.

“Бирок акча ала албай, Каримов Мурат жана Текиров Айдар деген балдар уулумду катуу сабашкан. Жаагы сынып, алдыңкы эки тиши жанчылып, илеби айрылып, мээси катуу чайкалган. Кан жалаган баламды ооруканага алып бардык, илебин тиктирдик. Азыр ал 3-балдар ооруканасында”, – дейт Дүйшөмбекова.

Жабыркаган тарап Ленин РИИБге арыз менен кайрылган.

“Бирок сабаган балдардын бирөөсүнүн атасы ИИМде иштейт. Ишти жаап салыштары мүмкүн. ИИМ, Билим берүү министрлигин жана Бишкек шаардык билим берүү башармалыгын бул окуяга көңүл бурушун суранам”, – деп жазды Дүйшөмбекова соцтармактарга.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы баланын сабалышы боюнча “бейбаштык” жана “опузалоо” беренелери менен иш козгоду. Эмне үчүн “денеге оор залал келтирүү” беренеси жок? “Вечерний Бишкектин” бул суроосуна  “тергөөнүн жүрүшүндө иш башка беренелерге которулушу мүмкүн” деп Бишкек ШИИБден жооп беришти.

Ал ортодо кечээ күнү сабалаган баладан Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кабар алды . Ал өспүрүмдөргө көз салбаганы үчүн иснпекторлор да жооп берерин билдирди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика