Хабиб vs Тимати. Рамзан Кадыров эки атактууну жараштырды

ММА мушкери Хабиб Нурмагомедов мене рэпер Тимати тирешин токтотуп,  өз ара түшүнүүгө жетишти. Бул тууралуу Чечнянын президенти Рамзан Кадыров билдирди.

“Эң белгилүү артисттердин да репертуары концерт коюп жаткан аймактагы өзгөчөлүккө жооп бериши керек деген биздин жүйөөбүздү Тимур түшүнүү менен кабыл алды. Хабиб болсо жеке Тимурдун беделине шек келтиргиси келген эмес “, – деп жазды Кадыров иснтаграмына.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Главное в нашей жизни – взаимопонимание… Оно невозможно без обоюдного стремления к истине. При этом должен быть кто-то, кто возьмёт на себя миссию по достижению такой богоугодной цели в отношениях между людьми… И @khabib_nurmagomedov Хабиба Нурмагомедова, и @timatiofficial Тимура Беноевского (Тимати) я считаю своими Братьями. В данный момент, после общения с ними, я испытываю естественную человеческую радость от того, что это самое взаимопонимание достигнуто. Тимур охотно и с большим пониманием принял наши доводы о том, что репертуар даже самого известного артиста должен отвечать специфике того региона, где он должен выступать… А что касается Хабиба, то здесь, как оказалось все ещё проще. Он и не думал задеть достоинство лично Тимура, когда использовал крепкие выражения в своих нашумевших постах. Я хочу вас заверить ещё кое-в чем. Тимур сказал мне, что болел и болеет за Хабиба всей душой вместе с Дагестаном, Кавказом и всей Россией. В итоге, наш джигит Хабиб проявил готовность к новому мощному прыжку, но на этот раз – прыжку дружбы))) А Тимур, вспомнив про известное чеченское видео, даже дал ему громкое название – «Шалинский свадебный прыжок»))) Вот такими шутками в адрес друг друга и назло все злопыхателям закончили эту историю мои Братья. Благодарю и Хабиба и Тимура за выдержку и понимание. Очень рад, что мое скромное посредничество сослужило такую добрую службу. Желаю всем нам мира, согласия и, что так же важно – взаимопонимания!

Публикация от @ za_kadyrov_95

Хабиб менен Тимати эмнеге чатакташкан?

Тиматы негиздеген Black Star лейблинин өкүлдөрү MC Doni менен Егор Крид сентярь айында Дагестанда концерт коймок. Билеттер сатылып бүткөн соң Black Star концерт коюудан баш тартып, буга республикадагы тынч эмес абалды жүйөө келтирген.  Анткени эки ырчынын инстаграм постторуна дагестандык деп болжонгон колдонуучулар коркутуу билдирүүлөрүн калтырган. Алар концертти коюудан баш тартпасаңар, зордуктап, өлтүрүп кетебиз деп жазышкан.

Ошентип, Black Star Дагестандагы концерттерди койбой турганын жарыялаганда, мушкер Хабиб Нурмагомедов “Жоготуулар чоң деле эмес” деп инстаграмына жазат. Ага Тимати видеокайрылуу жолдоп, “Биз сенин күйөрмандарыңды сенин мушташтарыңа барба деп чакырбай эле жүрөбүз го” деген. Анан ортодо кайым айтышуу башталат.

Сөз арасында Тимати: “Хабиб өзү трусачан рингге чыгып, акча үчүн мушташып аткандан кийин адеп-ахлакты жайылтпай эле койсун” деген таризде билдирүү калтырат. Бул башка спортчулардын да терс пикирине жол ачты.

Анан абалды жайгарууга Рамзан Кадыров киришти. Ал видеокайрылуу жасап, соцтармакта дагестандыктар көтөрүп жаткан толкун болбогон иш экенин айтты.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Кто не понял, тот поймёт @za_kadyrov_95 )))

Публикация от Black Star (@timatiofficial)


“Бизге коноктор келгени жакшы. Кавказды, туризмди өнүктүрүүбүз керек. Андыктан сүйүктүү дагестандыктарым, келгиле,ынтымакта жашайлы”, -деди Кадыров.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of