Ош-Бишкек жолу ачылды

Унаа тыгыны себеп Ош-Бишкек жолуна киргизилген чектөө түндө алынды. Азыр эки тарапка тең каттам ачык. Бул тууралуу “Калыс Медиага” Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Эске салсак, 13-октябрда  Ала-Бел ашуусундагы тыгынга байланыштуу Токтогул районундагы Арал постунда унаа кыймылына бир тараптуу чектөө киргизилген. Түндөсү бул жакта 200дөй унаа топтолгон.

Тыгындын жаралышына айдоочулардын узак жолго даярдыксыз чыкканы себеп болгон. ӨКМдин бир нече күндөн бери тараткан билдирүүсүнө карабай, көпчүлүк жайкы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштырган эмес.

ӨКМдин 112 бирдиктүү кызматы билдиргендей, ушул тапта Ош-Бишкек жолундагы ашууларда аппак кар, жолдор тайгалак.

“Дөңгөлөктөрдү алмаштырып, анан жолго чыгуу керектигин айдоочуларга эскертебиз”, – дешти 112 кызматынан. 

ӨКМдин шашылыш билдирүүсүнө ылайык, 13-14-октябрда аба ырайынын кескин сууп, жолдор тайгак болот.

Сүрөт: Акипресс

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика