Ошто кыздардын укугуна арналган жыйында укук бузулдубу?

 Ош шаарынын Бабур театрында 11-октябрь – Секелек кыздардын күнүнө карата жолугушууга уюштуруучулар студенттерди кыстап алып келишкенин активист Айсулуу Аскарбекова айтып чыкты.

Активист Айсулуу Аскарбекова жолугушууга негизинен Ош мамлекеттик университети менен Медициналык колледждин студенттери келишкенин билдирди.

Опубликовано Айсулуу Аскарбековой Четверг, 11 октября 2018 г.

 “Студенттердин баарын акырына чейин угасыңар деп алып келишкен.Иш-чара кээ бирине жакты бейм, алар кыстап алып келгенине сүйүнүп, акырына чейин көрөбүз деп отурушту. Үйүндө иши бар кыздар, балдарды чыгарбай атышты. Менин жаныма бир кыз келип, эже мени агай чыгарбай атат деп айтты. Ал кайсы мугалим экенин изилдесем, ОшМУнун жаштар комитетинин төрагасы Мурат Алтынбек уулу экен. Иш-чара бүткөнгө чейин отурасыңар деп эшикти жаптырып салган. Бир студент кызды жетелеп баратсам Мурат эшикти кайтарып турган жигиттерге эшикти ачкыла деп буйрук берди эле, алар ачып студентти узатып койдум. Анан менин жаныма ошол кароолчу жигиттердин бирин коюп койду. Кыязы башка студенттерди да сыртка чыгарып жибербесин деди окшойт”,-деди активист.

Иш-чараны уюштургандардын бири, ОшМУнун жаштар комитетинин төрагасы Муратбек Алтынбек уулу менен байланышканыбызда эч бир студентти залда камап коюшпаганын айтып, жогорудагы пикирди жокко чыгарды.

“Негизи иш-чара Бишкекте өтмөк. Бирок, эл аралык маанидеги бул күндү Ошто уюштуруу максатында аларды Ошко чакырып, бул жакта өткөргөнбүз. Эч кандай чектөө болгон жок. Студенттер абдан көп келип, батпай калышты. Иш-чара аяктап, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү жыйынтыктоочу сөздү сүйлөп жатканда студенттер ордуларынан туруп жөнөшкөн. Ошол учурда Аида Абдекова аттуу социалдык бөлүмдүн башчысы эки-үч баланы коюп туруу сунушун айтыптыр. Бул жерде студенттерди камоо эмес, алардын коопсуздук жагы да каралган. Ошол жагын эске алып, өкүл сүйлөп бүткөнгө чейин карап тургула деп айткан экен. Болгону ошол. Дал ушул учур айрымдардын көзүнө урунуп, видеого тартып алышыптыр. Иш-чарага ОшМУнун 23 факультет, колледждеринде окуган жалаң жакшы окуган, активдүү студенттер келген. Алардын сабактарына бул иш-чара эч кандай тоскоол болгон эмес”,-деди Муратбек Алтынбек уулу.

Эске салсак, эл аралык уюмдар уюштурган бул иш чарага ырчы Зере атасы менен катышып, сөз сүйлөшкөн.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of