Баштыкка байланган ден соолук. Мекендешибиз жардам күтөт

40 жаштагы мекендешибиз Кызылгүл Каниметова онкологиялык оору менен жабыркап келет.

Анын жалгыз эрмеги жана үмүтү – кийим тигүүчү машинасы. Каарманыбыз кездемеден баштыктарды тигүү менен күнүмдүк дары-дармеги, химия терапиясын алуусу үчүн каражат табат.

40 жаштагы Кызылгүл бул илдет менен күрөшүп келе жатканына бир жылдан ашты.

Кымбат баалуу дары-дармек, ага кошумча химия терапия алуусу үчүн оңбогондой каражат керектелет. Анын баарын убагында табууга мүмкүнчүлүгү жок.

Ал коомчулуктан жардам сурап, өзүнүн колунан чыккан баштыктарды алуусун өтүнөт.

Урматтуу, окурман, Сиз дагы мекендешибиздин колунан жаралган баштыкты сатып алуу менен ага жардам бере аласыз.

Баштык алууну каалагандар 0552655516 жана 0702 174 107 номерлери аркылуу байланышса болот. Элсом – 0702 17 41 07.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика