Бажы кызматкерлери уулуу затты киргизгендиги үчүн айыпталууда

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы өлкө аймагына мыйзамсыз түрдө химиялык заттар кирип кеткенин аныктады.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, “Торугарт” пункту аркылуу Кытайдан көмүртектин тетрахлориди менен жүк ташуучу унаа кирген.

Жүк 2017-жылы “Ч.П.”  жана “С.Э.К.” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде кирген. Аны алып кирүү үчүн Кытайда транзиттик декларация түзүлгөн.

Мыйзамсыз кирген бул химиялык зат ЕАЭБге мүчө мамлеттердин аймагына киришине тыюу салынган. Ага карабастан товар “Бизнес-Транс-Сервис” каттоо жеринде “шарттуу чыгаруу” деп белгиленип, экинчи ирет көмүртектин тетрахлоридин алып кирүү боюнча уруксат кагазын көрсөтүү шарты менен деп өткөрүлүп жиберилген.

Бул иш боюнча Чүй облустук прокуратурасы “Торугарт” бажы пункту, “Бизнес-Транс-Сервис” каттоо жайы жана жооптуу бажы кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду.

Сүрөт: Газета. кж

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика