Bellator: Емельяненко Сонненди нокаутка кетирди. Видео

Орусиялык мушкер Федер Емельяненко америкалык Чейл Сонненди “Bellator” турниринин жарым финалында жеңип алды.

Беттештин биринчи бөлүмүнүн акыркы мүнөтүндө, акыркы император (Емельяненконун лакап аты) атааңдашынын башына катар соккуларды берди. Соннен коргонуп жатып алгандан кийин, калыс беттешти токтотууга мажбур болду.

Эми 26-январда “Bellator” турниринин финалында Емельяненко Райан Бэйдер менен оор салмактагы чемпиондук үчүн беттешет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика