Бир аптада айдоочулар эң көп бузган беш эреже

5-11-октябрда өлкө боюнча  жолдо жүрүү эрежелерин бузган 18 миң факты катталды. Миң унаа айып аянтчасына жеткирилди. Бул тууралуу ЖККК башкы башкармалыгынан билдиришти.

Айдоочулар кайсы эрежелерди эң көп бузган?

  1. Коопсуздук курун тагынбоо. Эрежени 4122 айдоочу бузган.
  2. Жол белгилерине баш ийбөө – 3350 учур.
  3. Рулда баратып, телефон менен сүйлөшүү – 3223 учур.
  4. Ылдамдыкты ашыра айдоо – 1972 учур.
  5. Унаанын жарык берүүчү жабдыктары иштебейт – 1751 учур.

Мындан сырткары кызылда жүрүү, мас абалында рулга отуруу, жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жаратуу жана айнектерин караңгылатып алуу фактылары да катталды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of