Бир китепте миң ката. Министрлик басмакананы сотко берет

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги  “Билим компьютер” басмаканасын сотко берет.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, басмакана 6-класстын окуучулары үчүн “География” окуу китебин басып чыгарууда келишимде көрсөтүлгөн милдеттерди аткарган эмес.

Басмакана бул окуу китебин  Кыргыз билим берүү академиясынын бекитип берген вариантында эмес, өзүнүн версиясынын негизинде басып чыгарган.

Китеп 43 миң 700 нуска менен жарык көрүп, анда кеминде миңден ашуун орфографиялык жана пунктуациялык ката кеткен.

Ушул себептүү министрлик келтирилген материалдык чыгымды төлөп берүүсүн талап кылууда.

«Билим компьютер» басмаканасы 2013-жылдан бери иштейт. Басмакана Тимур Орускулов деген жаранга таандык. Орускулов педагогикалык илимдеринин кандидаты, доцент экени белгилүү.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика