Боорун алмаштырган Милан 2-3 күндө реанимациядан чыгат

Милан Садыкжан уулуна жасалган боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү болду. Милан да, ага донор болгон карындашы да азыр өзүн жакшы сезип жатат. Бул тууралуу «Калыс Медига» бейтаптын жакындары билдирди.

«Миландын карындашы палатага которулду. Милан болсо 2-3 күндө реанимациядан чыгарылат. Өзүн жакшы сезип, сүйлөп жатат», – дешти бейтаптын жакындары. 

Милан Садыкжан уулуна операция 12-октябрда Индияда жасалды.

Милан Баткендин тургуну, телеканалда оператор болуп иштечү. Эки баласын өзү тарбиялайт. Анын боор алмаштыруу операциясы үчүн кайрымдуулук концерттер уюштурулган. Соцтармакты болсо Миландын көз жаш төгө жардам сураган кызы ыйлаткан эле.


Жыл сайын Кыргызстанда 50дөн ашык адам боорун, 300 адам бөйрөгүн алмаштырууга муктаж болот. Органдарды алмаштыруу жаатында азыр өлкө медицинасы Индия эмес, кошуна өлкөлөрдөн да артта. Тармакты өнүктүрүүгө жыл сайын кеминде 200 млн доллар керек. Трансплантология боюнча улуттук программа 2013-жылы иштелип чыккан менен кабыл алына элек.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика