Өкмөт vs Жогорку Кеңеш. Футболдон кимиси утту? Сүрөт баян

14-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан жана Өкмөт мүчөлөрүнөн куралган футбол командалары ортосунда кичи достук мелдеши болуп өттү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлагандай, мелдешке парламенттен эки команда жана министрлер кабинетинен эки команда катышты. Оюндун жүрүшүндө командалар ортосунда катуу таймаш орун алып, эл өкүлдөрү да, Өкмөт мүчөлөрү да оюнга мыкты даярдангандыгын көрсөтүштү.

Оюндун соңунда Өкмөт мүчөлөрүнөн турган биринчи команда 1-орунду багындырып атайын медаль жана кубок менен сыйланса, Жогорку Кеӊештин эки командасы 2-жана 3-орунду ээледи. Ал эми төртүнчү орунду министрлер кабинетинин экинчи командасы утту.

Мелдешке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган эл өкүлдөрү жана Премьер-министр Мухаметкалый Абылгазиев башында турган Өкмөт мүчөлөрү катышты.

Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of