Москвада мекендештерин тоноп жүргөн кыргызстандык топ кармалды

Тинтүү маалында табылган документтер/ИИМ

54 айдоочулук күбөлүк, 35 паспорт, акча, тапанча. Бул Москвада мекендештерин “мыйзамдагы ууру К.К.нын” атынан тоноп жүргөн топту тинтүүдө табылган материалдар. ИИМ негизинен айдоочуларды тоноп жүргөн бул шектүүлөрдү атайын операция учурунда колго түшүрдү. 

Орусиядагы ИИМдин өкүлчүлүгүнө мекендештеринен ар кандай шылтоо менен акча опузалап жүргөн белгисиз адамдар тууралуу  оперативдик маалымат бир нече жолу түшкөн. Шектүүлөр иштин баарын таксопарктын аймагында жайгашкан ангарда бүтүрүшчү.

Опузалоо фактылары боюнча Москва шаарынын Нагорный райондук  тергөө бөлүмү ушул жылдын июль айында эле кылмыш ишин ачкан. Орус жана кыргыз милициясы биргелешип, кылмыштуу топту колго түшүргөн, алардын катарында Кыргызстандын 8 жараны болгон.

“Кармалгандардын ичинде Жалал-Абаддын 26 жана 25 жаштагы эки тургуну – Касымбеков Мадияр менен Абдилманап уулу Аскар да болгон. Алар таксомотор паркында бейрасмий иштеп, “мыйзамдагы ууру К.К.нын” атынан башкалардан ири акча опузалап жүргөн.  Тергөө жүрүп жаткан, алар “сөзсүз келип туруу” талабы менен эркиндикте эле. Ага да карабай  тоноо иштерин токтотушкан эмес”, -дешти ИИМден.

Жабыркагандардын бири августтун башында шектүүлөр Аскар менен Мадиярга 1600 долларын, паспорт, телефон жана башка баалуу буюмдарын алдырган.

“Шектүүлөр жабыркаган жигитти көп убакыттан бери токойго алып чыгып, акча опузалап жүргөн. Анан “сөздү укпагандарды” кандай тагдыр күтөрүн көрсөтүү үчүн такспопарктагы башка айдоочулардын көзүнчө ур-тепкиге алышкан”,  -деп айтылат милициянын маалыматында.

Октярдын башында кылмыштуу топ өлтүрүп салабыз деп коркутуп, жабыркоочудан дагы 20 миң рубль талап кылган. Ал ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө жардам сурап кайрылган.

9-октябрда опузалоо жолу менен акча алып жаткан жеринен Мадияр Касымбеков, Аскар Абдилманап уулу  жана башка шектүүлөр менен бирге колго түштү.

Таксомотор компаниясынын имаратында тинтүү жүргүзүлүп, белги түшүрүлгөн 10 миң рубль, тапанча, дагы башка акча каражаттары, 54 айдоочулук күбөлүк, Кыргызстандын жарандарынын паспортунан 35 даана, үч аскердик билет табылды.

Нажмите для увеличения Zaderjanie_prestypnoi_gruppy_v_Moskve_12.10.18 1.jpg

Нажмите для увеличения Zaderjanie_prestypnoi_gruppy_v_Moskve_12.10.18 1.jpg

Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилген. Мекендештерин талап-тоноого катыштыгы бар дагы башка адамдар изделүүдө.

Аны менен катар шектүүлөрдөн табылган паспорт, айдоочулук күбөлүктөрдүн ээлерин тактоо иштери жүрүп жатат.

Шектүүлөрдөн жабыркаган башка жарандар болсо ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылса болорун милиция эскертти.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

1
Пикир калтыруу

avatar
1 Comment threads
0 Thread replies
0 Followers
 
Most reacted comment
Hottest comment thread
1 Comment authors
Куба Recent comment authors
  Subscribe  
newest oldest most voted
Notify of
Куба
Guest
Куба

Мен мындай ичи бузук, женил оокат издеген, ощдон чыккан чыккынчыларга ӨМҮР БОЮ эркинен ажыратууну сунуштаар элем, мкнин жеке ойум .