Оозу жырылганча сабалган бала окуган мектептин директору иштен алынды

Сабалган өспүрүмдүн энеси жарыялаган сүрөт

Сегизинчи класстын окуучусун сабалган №47 мектептин директору иштеп алынды. Аны менен катар өспүрүмдөр менен иш алып барган инспектор да иштен кетти.

Бул тууралуу Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетова маалымдады.

Анын айтымында, вице-мэр Асел Куланбаева менен мэриянын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейирмановага катуу сөгүш жарыяланды.

12-октябрда Бишкектеги №47 мектепте 9-класстын эки окуучусу сегизинчи класстын окуучусун тиши сынып, оозу жырылганча сабаган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Буга чейин жабыр тарткан окуучудан Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кабар алып, күнөөлүүлөр жазаланарын билдирген.

Учурда ур-токмокко кабылган бала ооруканада.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of